Венада өткөн Нооруз майрамы

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрилигинин билдирүүсүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү Венадагы кыргыз диаспорасынын колдоосу астында, Вена шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Афганистандын, Азербайжандын, Ирандын, Ирактын, Индиянын, Казакстандын, Пакистандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын туруктуу өкүлчүлүктѳрү менен бирдикте Нооруз майрамына арналган иш-чарага катышты.

Салтанаттуу аземдин ачылышында БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов жана дипломатиялык корпустун атынан Ирандын элчиси Kazem Gharib Abadi куттуктоо сөз сүйлѳштү. Иш-чаранын расмий бѳлүгүнүн учурунда сахнада ар ѳлкѳлѳрдүн, анын ичинде Кыргызстан жѳнүндѳ тартылган видео роликтер кѳрсѳтүлдү.

Элибиздин тарыхы, маданияты, каада-салттары менен тааныштыруу максатында иш-чаранын жүрүшүндѳ Кыргызстандын кийизден, жибектен жасалган улуттук ар кандай буюмдарынын кѳргѳзмѳсү ѳттү.

Салтанаттын расмий бөлүгүнүн аягында келген коноктор жаңы жылдын келишин билдирген, чыгыш элдеринин меймандостугун көрсөткөн ар түрдүү улуттук тамак-ашка мол ар бир өлкөнүн үстөлдөрүнө чакырылды.

Нооруз майрамын майрамдоо аземине Венадагы дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳру жана башка чакырылган меймандар катышты.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу