Достук, биртуугандык мамилеге доо кетпесин

“Замандаш” ассоциациясы Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусу менен болгон Якутиядагы окуяга тынчсызданып жатат

Биринчиден, биздин мекендештин Саха (Якутия) Республикасынын жаранына карата мыйзамсыз жана абийирсиз ишке баргандыгын айыптайбыз. Мындай иштер Якутиянын дос жана биртууган эли менен болгон эки тараптуу достук мамилеге залакасын тийгизет. Ушундай ишке барган адамдардын айынан Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, өлкөдөн сырткары жашап жаткан ар бир мекендешибиз сөзгө калып жатышат.

Бүгүнкү күндө биздин мекендештердин көп бөлүгү Саха (Якутия) Республикасында жана жалпы эле Россия Федерациясында чын ниеттен эмгектенип жатышат. Биздин мекендештер өздөрүнүн мыкты тарбиясы, жүрүм-туруму менен башка биртууган өлкөлөрдөн барган мигранттарга үлгү болуп келе жатышат. Алар өз өлкөсүнүн кадыр-баркын бийик тутуп, жашап, эмгектенип жатышкан мамлекеттердин жарандары менен достук жана толеранттуу мамиле түзүп келе жатышканы белгилүү.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматы биздин ассоциация менен биргеликте, Якутиядагы кыргыздарга каршы маанайларды жөнгө салуу жана тынч диалогго келүү боюнча иштерди жасап жатат.

Ар кандай каңшаар кабарлардын келип жатканына байланыштуу, “Замандаш” ассоциациясы биздин мекендештерди улут аралык чыр-чатактарга алып келе турган түрдүү провокацияларга алдырбоого чакырат. Жашап, эмгектенип жаткан мамлекеттин маданияты менен каада-салтын урматтап жана укуктук ченемдер менен гана аракет кылуу аркылуу жергиликтүү жашоочулардын урмат-сыйына татууга болорун эстен чыгарбоо зарыл.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<