Мекенине кайткан мигранттарга жардам берилет

Кыргызстанга кайтып келишкен мигранттар ишкерлик боюнча билимдерин жакшырта алышат.

Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомчулугунун (GIZ) “Реинтеграция үчүн көндүмдөр” долбоору мигранттардын ички эмгек рыногуна узак убакытта көнүгүшүп кетүүсүнө колдоо көрсөтөт. Бул долбоор Герман өкмөтүнүн дайындоосу менен иштеп, эки багытта иш алып барат. Биринчи багыт, бизнес ачуу аркылуу өзүнө иш табуусун колдоо, экинчиси, кошумча көндүмдөргө ээ болуу менен түздөн-түз жумушка орношуу.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн адегенде “Мигрант Ишкер” деп аталган маалыматтык офис ачылды. Ал долбоордун ишмердиги жана Кыргызстандагы эмгек мигранттарын колдоо тармагында иш жүргүзүп жатышкан бардык уюмдар боюнча консультацияларды берүүчү пункт болуп калмакчы.

Ушул жылдын апрель айынын башында бизнести ачуу жана жүргүзүү боюнча курстар ачылып, анда бизнес менеджмент тармагындагы тажрыйбалуу кесипкөй адамдар окууларды өткөрүшөт. Бул курстар ишкерлик жаатындагы билимдерди эле бербестен, Кыргызстандагы бизнес жүргүзүүнүн шарттары тууралуу да кенен маалыматтарды бере алат.

Курстардын катышуучулары бизнестеги өздөштүрүлбөй жаткан тармакты тандап, финансылык моделдерди иштеп чыгып, кардарларды өз стартаптарына тартууга аракет кыла алышат.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<