Миграцияга арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Бүгүн, 18-мартта Бишкектеги Ololohaus Erkindikте Борбордук Азияга белгилүү фоторгаф Эльер Нематовдун миграция темасына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөгө “Мен чет элдикмин” жана “Атам эртең келет” сериясындагы сүрөттөр коюлган. Автор өз сүрөттөрүндө чет мамлекетте жашап жатышкан мигранттардын турмушун, адамдардын ар кандай жолдогу тагдырларын, чет өлкөдө акча иштеп табуунун күнгөй-тескейлерин чагылдырган.

Аталган көргөзмө “Мигрант Ишкер” деп аталган маалыматтык офистин колдоосу менен ачылды. Бул офис мекенине кайтып келген мигранттардын Кыргызстандын бизнес тармагына аралашып кетүүсүнө жардам көрсөтөт.

Эске сала кетчү жагдай, 2017-жылы кыргызстандык мигранттар өз мекенине 2,5 млрд. доллар каражат которушкан, бул сумма ошол жылдагы өлкөнүн бюджетинин чыгымдарынан ашык болгон. Ал эми 2018-жылы мигранттардын акча которууларынын ИДПга карата катышы боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунду ээлеген.

Мына ушундан улам, миграция темасы бүгүнкү күндө да абдан актуалдуу болуп турат.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<