Миграция сезону башталды. Мыйзам бузуудан сак болгула, мекендештер

Бүгүн, 22-мартта 1979-жылы туулган Кыргызстандын жараны Н. Мга  Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 291-беренеси (ГАИ кызматкерине пара берди деп шектелүүдө) боюнча айып коюлду. Бул адам 4-мартта  Оренбургга кире бериште кармалган. Ал Бишкек – Москва багытында жүргүнчүлөрдү ташып айдоочу болуп иштейт. Кыргыз Республикасынын Оренбург облусундагы ардактуу консул Жандар уулу Таалайбектин кийлигишүүсү аркасында, кыргызстандык бул жаран убактылуу тергөө абагынан үй камагына которулду. Эми ал сотту күтүп Оренбург шаарында консулдуктун көзөмөлү астында болмокчу.

Тилекке каршы, мындай иштер биринчи жолу болуп жаткан жок. 2018-жылы да биздин ондогон мекендештер ушундай ишке кириптер болушуп, ар кандай айыптарды тартышкан. Кыргызстандын Оренбург шаарындагы консулдугу миграция сезону башталып жаткандыгын, кыргызстандыктарды мындай мыйзамсыз иштерден алыс болууга чакырат.

Бул кабар Кыргыз Республикасынын Оренбург облусундагы ардактуу консулунун биринчи катчысынан келди.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<