Якутияда кыргыз айдоочулар ишке чыга элек

Якутияда (Саха Республикасында) абал тынчыганы менен ал жакта автобус айдап иштеген кыргызстандыктар жумушка чыккандан кооптонуп турат. Бул тууралуу Якутск шаарында автобус айдаган Жаныбек Дүйшөнбеков “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, мигранттарга ыдык көрсөткөндөр кармалып, Якутиянын бийлиги баары көзөмөлдө экенин айтып жатат. Азыр абал кандай?

Жаныбек Дүйшөнбеков: Мен билгенден такси, автобус айдап, жер-жемиш сатып иштеген мигранттар жумушка чыга элек. Өзбектердин кафелеринин баары жабык. Абал тынчымайынча чыкпай туралы деп чечтик.

Якутск шаарынын мэри “ишке чыккыла, коркпогула, биз баарын көзөмөлдөйбүз, ыдык көрсөткөндөр болсо чалгыла” деп телеканалдар аркылуу айтып, атайын телефон номерлерди деле жарыялап жатат. Бирок биз баары бир кооптонуп турат.

“Азаттык”: Кооптонууга негиздер барбы?

Жаныбек Дүйшөнбеков: Такси айдаган борбор азиялыктарды уруп-согуп жиберген учурлар болду. Автобустун жүргүнчүлөрү жол акысын төлөбөй чыгып кетип жатат. Жер-жемиш саткандардын чакан дүкөндөрүнө кирип барып “жапкыла, кеткиле” деп кубалагандар бар.

Интернеттеги социалдык тармактарда кыргыз мигранттардын тайпалары бар. Ошол жактардан сүйлөшүп, сабырдуу бололу деп бири-бирибизди жоошутуп жатабыз. Албетте, үйдө отурганда акча таппайсың. Эл тынчыса, жумушка чыгат элек. Мындай мамиле бир эле кыргыздарга эмес, жалпы борбор азиялыктарга болуп жатат. Анткени автобус айдагандардын арасында өзбектер да, тажиктер да көп.

“Азаттык”: Якутск шаарында автобус айдап иштеген кыргыздар көппү?

Жаныбек Дүйшөнбеков: Шаардагы автобустардын жарымын эле кыргыздар айдашат. Бул автобустарды биз ижарага алабыз. Мамлекетке карабайт, жеке ишкерлердики.

“Азаттык”: Буга чейин якуттар менен мамилеңер кандай эле? Бул окуялардан кийин сиздин тааныш якуттар эмне деп жатышат?

Жаныбек Дүйшөнбеков: Негизи якуттардын кыргыздарга болгон мамилеси жакшы эле. Шаардык якуттар маданияттуу, ал эми айылдан келгендери бир аз улутчул болорун байкадым. Көп учурда “биз иштей турган орундарды силер тартып алдыңар” дегенсип, мигранттарга ич күйдүүлүк кылышат. Мигранттардын саны көбөйүп кеткенине байланыштуу шаардыктар деле тажап бараткандай. Ал эми бул жактагы тааныш якуттар “бир кыргыз үчүн баарыңарды күнөөлөй албайбыз, өзүбүздүн деле жамандарыбыз бар” деп жакшы сүйлөп жатышат, сөккөндөрү да жок эмес.

“Азаттык”: Ошол эле маалда мигранттар да буга чейин эле жергиликтүү элдин кыжырына тийип алган деген кептер айтылып жатпайбы. Бул сөздөр канчалык жүйөлүү? Кээ бирөөлөр якуттарды сыйлабай, өздөрүн орой алып жүрүшөт. Кыргызстанга деле чет өлкөлүктөр келип, бизге кыйын болсо ачууң келет да.

Жаныбек Дүйшөнбеков: Бул кептердин деле 50 пайызы чын. Кээ бирөөлөр сахаларды сыйлабай, өздөрүн орой алып жүрүшөт. Кыргызстанга деле чет өлкөлүктөр келип, бизге кыйын болсо ачууң келет да, ошондой эле.

“Азаттык”: Саха Республикасы Орусиянын алыскы, шарты катаал аймактарынын бири. Ал жакта иштеш деле оңой болбосо керек?

Жаныбек Дүйшөнбеков: Жумуш оор эле, кышкысын өзгөчө. Суук 55-60 градуска чейин барат. Автобус кээде көчөдөн бузулуп калат. 50 градус суукта аны оңдогонду элестетип көргүлө. Жумушка күндө эртең менен такси менен барып, кечинде такси менен келем. Азык-түлүк, батир акысы кымбат. Айла жок, иштеш керек, үй-бүлөнү багыш керек. Иштесе болот.

“Азаттык”: Рахмат. Ийгилик сизге.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<