Базар-Коргондо мигранттар спорт зал ачышты

Базар-Коргондо мигранттар спорт зал ачышты

Райондун Аук айылында эски маданият үйүнүн жер төлөсүндө спорт зал ачылды. Бул тууралуу айыл тургуну Руслан Абдумиталип уулу “Азаттыкка” билдирди.

– Кароосуз калган эки кабаттуу эски маданият үйүнүн жер төлөсүн айыл жаштары биригип спорт зал ачууну максат кылганбыз. Чет жакта иштеп жаткан мигранттардын жана айыл жаштарынын салымы менен оңдоодон өткөрүп, заманбап спорт жайына айланттык. Ага жалпысынан 600 миң сомдон ашык каражат сарпталды. Эми бул жерде бокс жана күрөш боюнча машыгуулар башталат, – деди Абдумиталип уулу.

Буга чейин жаштар маданият үйүнүн эски концерттик залын оңдоп, топ ойноочу залга ыңгайлаштырган.

Аук айылында союз мезгилинде курулган эски айылдык маданият үйү 15 жылдан бери кароосуз калып, жергиликтүүлөр бүлүндүрбөй сактап калышкан.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<