Уссурийск шаарындагы өрттөн кыргызстандыктар жабыркаган жок

Уссурийск шаарындагы өрттөн кыргызстандыктар жабыркаган жок

Кечээ, 23-мартта Приморск крайындагы Уссурийск шаарында жайгашкан кытай базарында өрт чыкты. Жалпы аянты 350 кв.м болгон соода дүкөндүн имараты толугу менен күйүп кетти.

Бул базарда кыргызстандыктар жана кытайлыктар сатуучу болуп иштешет. Бактыга жараша, бир да адам жабыркаган жок, –  деп билдирди аймактык кабарчыбызга жергиликтүү кыргыз диаспорасынын башчысы Бакыт Садиров.

Өрт 23-мартта саат 12:10до башталып, имараттын ичиндеги кичи дүкөндөрдөгү товарлар (авто аудио аппарат, терезе парда, оюнчук ж.б) күйүп жок болду.
Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар кызматынын 32-40 кызматкери иштешти. Өрт эмнеден чыккандыгы изилденип жатат. Бул базарда 200дөн ашуун кыргызстандыктар иштеп келишет.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<