Шамшиев миграциялык жеңилдиктен кимдер пайдаланса болорун айтты

Шамшиев миграциялык жеңилдиктен кимдер пайдаланса болорун айтты

Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев Россиянын аймагында миграциялык мыйзамды бузуп жүргөн кыргызстандыктарды 2019-жылдын 22-апрелине чейин миграциялык жеңилдиктерден колдонууга чакырып кетти.

Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандарына “Миграциялык мунапыс” биринчи жолу берилген жок. Бул тууралуу Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай жеңилдикти убагында каттоодон өтпөй калган жана административдик жоопкерчиликке тартылган кыргызстандыктар колдоно алат.

“Миграциялык жеңилдиктер буга чейин да берилип келген. Аны мыйзамды бузуп жүргөн мекендештер колдоно алат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүнүн миграциялык тарыхын жаңы барактан баштоого жарандарыбызды чакырабыз. Мындай жеңилдик РФтин аймагына кирип, убагында миграциялык каттоого турбай калгандарга жана Россиянын аймагында бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылгандарга тиешелүү”, — деди Шамшиев.

Ал 2018-жылы РФтин аймагында жүргөн 100 миңден ашык жаран миграциялык жеңилдикти колдонгонун кошумчалады.

Булак Спутник

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<