Якутиядагы мигранттардын иштешине чектөө кыргызстандыктарга тиешеси жок

Якутиядагы мигранттардын иштешине чектөө кыргызстандыктарга тиешеси жок

Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаевдин быйылтан тартып мигранттарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен буйругу кыргызстандык мигранттарга тиешеси жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди:

«Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө. 2014-жылы 29-майдагы ЕАЭБ тууралуу келишимдин 97-беренеси боюнча, биримдиктин аймагында иштеген ага мүчө өлкөлөрдүн жарандары биримдиктин келишимине ылайык иштешет. Демек, Кыргызстан биримдиктин мүчөсү болгондуктан, бул буйруктун биздин жарандарга тиешеси жок. Буйрукта патент менен иштеген чет өлкөлүктөр деп айтылып жатат, а биздин жарандар төрт жылдан бери патент менен иштөөдөн бошотулган».

Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев 27-мартта быйылтан тартып мигранттарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен буйрукка кол койгон. Ага ылайык, патенттин негизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга азык-түлүк, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштөөгө болбойт. Ошондой эле алар шаарларда жана шаар айланасында транспорттук автоунаа, такси жана жүк ташуучу автоунаа айдай алышпайт. Жалпысынан мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салынды.

Николаев бир күн мурдагы билдирүүсүндө ушул тапта жергиликтүүлөр иштей ала турган жумуштардын көбүн мигранттар ээлеп алышканын айткан.

Мигранттарга каршы саясаттын катаалдашына 17-марттагы жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы түрткү болду. Якутиялыктар жергиликтүү аялды кыргызстандык мигрант зордуктаганы тууралуу маалыматка байланыштуу каршылык билдирип чыгышкан.

Ошондон улам Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз мигранттардын маселесин чечүүгө убада беришкен.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу