“Замандаш” ассоциациясы жарнама жана PR боюнча улуттук фестивалдын өнөктөшү болду

“Замандаш” ассоциациясы жарнама жана PR боюнча улуттук фестивалдын өнөктөшү болду

Бүгүн, 28-мартта Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте “Жоогазын” аттуу жарнама жана PR боюнча улуттук фестивалдын кезектеги ачылышы болду.

Фестивалга белгилүү кинорежиссер Айбек Дайырбеков, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов, “Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Лола Огонбаева, Б. Ельцин атындагы КРСУнун профессору Гульмира Жунушалиева, улуттук университеттин профессору Гүлбара Сыдыкова, жарнамага тиешеси бир топ уюмдардын жетекчилери жана аталган окуу жайдан журналистика факультетинин окутуучулар жамааты, студенттер катышты.

Аталган фестивалдын максаты – студенттер менен жарнама, PR тармагында иштеп жаткан адамдардын ортосундагы пикир алышууну, студенттердин бизнес-коомчулук менен аралашуусун камсыз кылуу, эмгек рыногундагы тенденцияларды талдай билүү жана ушул кесиптин кадыр-баркын көтөрүү.

Эртең, 29-мартта фестивалдын уландысы катары “Азыркы коммуникациялар системасындагы жарнама жана PR” деп аталган республикалык илимий-практикалык конференция башталат. Анда өлкөнүн жарнама боюнча практик адистери мастер-класстарды жана тренингдерди өткөрүшөт. Мындан тышкары студенттер арасында олимпиада өтүп, турмуштан алынган чыныгы жарнамалык кейстерди чечүү үстүндө иштер аткарылат. Ошондой эле социалдык жарнама боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылат.

Бул фестиваль ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жатат. Ушул күнү Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы журналистика факультеттеринин студенттери, жарнама жана PR боюнча окуткан кафедраларынын окутуучулары бир жерге чогулушуп, теория менен практика айкалышкан иш-чара өткөрүп келишет. Бүгүнкү фестиваль улуттук университеттин журналистика факультетинин жарнамалык иш жана коомчулук менен байланышуу кафедрасынын башчысы, доцент Бегайым Максутованын жетекчилиги астында өтүүдө.

Замандаш” ассоциациясы башынан эле ушул фестивалдын өнөктөшү болуп келе жатат. Себеби, ассоциация улуттук университеттин студенттеринин Кыргызстандагы, жакынкы чет өлкөлөрдөгү иш-чараларга катышуусуна ар дайым жардам берип келет. Мына ушундай кызматташтыкты баалап, улуттук университеттин ректору Канат Садыков “Замандаш” ассоциациясына ыраазылыгын билдирип, атайын кат тапшырды.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<