“Замандаш” ассоциациясынын жетекчилиги Тюменден келген делегация менен жолугушту

“Замандаш” ассоциациясынын жетекчилиги Тюменден келген делегация менен жолугушту

Бүгүн, 28-мартта Россия Федерациясынын Президенти В. В. Путин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келди.

Ушул иш сапардын алкагында Россиянын Тюмень  облусунун губернатору баштаган делегация да Кыргызстанда болду. Делегация курамында Тюмень облустук өкмөтүндөгү улуттар боюнча комитетинин төрагасынын орунбасары Чернов Владислав Леонидович, Тюмень Тобольск епархиясынан отец Георгий,  Жалпы россиялык маданият мекемесинен Туринова Тамара Николаевна жана Тюмендеги аймактык кыргыз диаспорасынын коомдук “Биримдик” уюмунун төрагасы Канзада Сманова келишкен. Алар Кыргызстандагы Кыргызстан элдеринин ассамблеясындагы орус диаспорасы менен жолугушту. Улуттар аралык мамилени жөнгө салууда тажрыйба алмашуу, кыргызстандык балдарды Тюменге чакырып, тюмендик балдарды Кыргызстанга чакырышып, окуу, мастер-класстарды өткөрүү боюнча иштиктүү сөз болду.

Андан кийин В. Л. Чернов, Т. Н. Туринова жана К. Сманова “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы А. Айдаров, башкармалык мүчөсү Р. Эшимов жана координатор Л. Огонбаева менен жолугушту. Маектешүүдө Россиянын Тюмень облусундагы кыргызстандык мигранттардын абалы, алардын ар кандай проблемаларын чечүү жолдору тууралуу пикир алышуу болду. “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров айткандай, өнөктөштөр менен жакындан таанышып, ортодогу карым-катышты бекемдөө менен гана ишти алга жылдырууга болот.

Мындан ары да достук мамилени чыңдап, айрыкча улут аралык мамилелерди бекемдөөдө тыгыз кызматташуу тууралуу сөз болду. Себеби, Тюменде ушу тапта 150гө жакын улуттар жашайт. Алардын ичинен кыргыз диаспорасы жергиликтүү бийлик менен ар тараптуу активдүү иш алып барып келүүдө. Бул тууралуу В. Чернов да, Т. Туринова да айтып беришти.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<