Мигранттар жалгыз бой энеге батир сатып беришти

Мигранттар жалгыз бой энеге батир сатып беришти

Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттар Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну, эки балалуу жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү батир сатып беришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттары түзгөн “Аманат” фондунун жетекчиси Туратбек Абдыжапар уулу билдирди. Анын айтымында, батир сатып алууга каражатты аталган фонд чогулткан.

Буга чейин 37 жаштагы бул аялдын жолдошу Түштүк Кореяда каза болуп, анын сөөгүн мекенине мигранттар жеткиришкен.

Фонддун жетекчиси Туратбек Абдыжапар уулунун маалыматы боюнча, учурда Түштүк Кореяда беш миңдей кыргыз иштейт.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<