Канзада Сманова: “Биримдик” диаспорасынын он жылдыгын белгилейбиз”

Канзада Сманова: “Биримдик” диаспорасынын он жылдыгын белгилейбиз”

Россиянын Президенти В. Путиндин мамлекеттик иш сапарынын делегациясында Тюмень облусунун жетекчилиги да болду. Тюменден келген мамлекеттик кызматкерлер менен бирге биздин жердешибиз, Тюмендеги аймактык кыргыз диаспорасынын “Биримдик” коомдук уюмунун төрайымы Канзада Сманова келген.

Канзада Сманова Тюмень облусунун өкмөтү менен абдан тыгыз иштешет. Себеби, Тюменде 150дөй улуттар жашашат. Демек, улуттар аралык мамилени чыңдоодо аймактагы улуттук диаспоралардын салымы чоң. Аталган облустун улуттар менен иш алып бара турган мамлекеттик кызматкерлери 28-мартта “Замандаш” ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугуп кетишти. Тюмень облустук өкмөтүнүн улуттар боюнча комитетинин төрага орунбасары В.Л. Черновдун айтымында, кыргыз диаспорасы абдан активдүү иштеп жаткан уюм. Жергиликтүү бийлик диаспоралар менен бирге көптөгөн иш-чараларды өткөрүп келишет. Алардын бардыгына кыргыз диаспорасы активдүү катышат.

Биз ушул жолугушуудагы кыска убакыттан пайдаланып, Канзада Сманованын да пикирин угуп калдык:

– Тюмендеги “Биримдик” кыргыз диаспорасы 2009-жылы түзүлгөн, быйыл биздин диаспоранын түзүлгөнүнө он жыл болот. Биздин диаспоранын түзүлүп, иштеп кетишине “Замандаш” ассоциациясынын эмгеги абдан чоң, биз убагында көп иштерди чогуу ишке ашырганбыз. Айта кетсем, жекшембилик мектептердин ачылышы, кыргыз маданият күндөрүнүн өтүшүнө ассоциациянын салымы зор. Азыр биздин диаспора ушундай эмгектин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жакшы иштеп келе жатат. Тюменден келген делегация Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын мүчөлөрү менен жолугуштук. Мындан ары тажрыйба алмашуу, кыргызстандык балдар Тюменге барышып, тюмендик балдардын Кыргызстанга келүүсү тууралуу тилектер айтылды. Тюменден бул жолу делегация курамында 34 адам келди. Кыргыз өкмөтү менен Тюмень облустук өкмөтүнүн ортосунда тогуз келишимге кол коюлат деп жатабыз. Алардын негизинде инвестиция тартуу, азык-түлүктөрдү Тюменге ташуу боюнча иштер жүзөгө ашат. Себеби, Тюмень облусу Урал федералдык округуна кирип, башкаларга караганда Кыргызстанга жакын, аралыгы 2200 км. Эгер жер-жемиштер ташылса, бир жарым суткада жетип калат. Сөзүмдүн аягында “Замандаш” ассоциациясына чоң ыраазылыгымды билдирем. Ал Россиянын көп аймактарына кыргыз диаспораларын түзүп, алардын иштеп кетишине көп эмгек кылды. Миграция кыймылы жаңы башталган кезде ага көңүл бурган адам жоктуктан, туңгуюкка түшүп кеткен. Ошондо “Замандаш” ассоциациясы туңгуюктан сууруп чыгып, жолго койгон. Азыр дагы жакшы, өкмөт, мамлекет башчылары миграцияга олуттуу көңүл буруп жатышат. Буюрса, октябрь айынын башында “Замандаш” ассоциациясы, жергиликтүү бийлик, кыргыз бийлиги болуп, биздин диаспоранын түзүлгөндүгүнүн он жылдыгын белгилейли деген планыбыз бар.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<