Чыңгыз Айтматовдун ысмы Тюмень шаарындагы көчөгө ыйгарылды

Чыңгыз Айтматовдун ысмы Тюмень шаарындагы көчөгө ыйгарылды

Мындай жакшы жаңылыкты Zpress сайтына Тюмень облусундагы “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова сүйүнчүлөдү:

– 28-мартта Тюмень шаарынын башчысы Руслан Николаевич Кухаруктун чечими менен, шаардын кадастр бөлүмүнүн көчөлөргө ат берүүчү комиссиясы ушул маселени караган. Комиссия Тюмень шаарынын жаңы көчөсүнө кыргыз элинин улуу уулу, дүйнөгө даңкы чыккан жазуучусу Чынгыз Айтматовдун ысмын ыйгарууга чечим чыгарды.

Орус элинин улуу акындары Анна Акматова, Владимир Высоцкийдин аттары коюлгандан кийинки катардагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилди. Бул тарыхый учур эки өлкөнүн Президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин жолугушкан күнгө туура келди. Ушул иштин жүзөгө ашуусуна көмөктөшкөн бардык адамдарга терең ыраазычылык билдирем. Бул иш чындыгында менин тарыхый эмгегим. Себеби, бир топ жылдан бери ушуну ишке ашырууга аракет кылып келгенбиз.

Көчөгө ат берүү чечимин укканда сүйүнгөнүмөн ыйладым. Мындай иштин маанисин түшүнгөн адамга бул тарыхый иш”.

Биз дагы Тюмень облусунда ушундай мыкты иштеп, жемишин бардык мекендештерге көрсөтүп жаткан “Биримдик” кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманованы кезектеги ийгиликтери менен чын дилден куттуктайбыз!

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<