Тюмендик кыргыздар конкурс-фестивалда алдыңкы орундарды ээлешти

Тюмендик кыргыздар конкурс-фестивалда алдыңкы орундарды ээлешти

Тюмень облусундагы аймактык кыргыз диаспорасы “Биримдик” абдан жакшы иштеп жатат. Бул диаспораны “Замандаш” ассоциациясынын активдүү мүчөсү, аталган коомдук уюмдун төрайымы Канзада Сманова жетектейт.

30-мартта Тюменде таланттуу балдардын XIX улуттар аралык конкурс-фестивалы болуп өттү. Диаспоралар бул фестивалга жылы бою даярданып келишкен. Тюмень аймактык “Биримдик” кыргыз диаспорасынын намысын коргоп, Миргүл Туйгун кызы жетектеген “Тумар” комузчулар ансамбли жана Жумабекова Сумая менен Арууке Токонова жетектеген “Ак Шоола” жана “Байчечекей” топтору да катышты.

Жогоруда аттары аталган топтор кыргыздын бий, ыр маданиятын, үч кыл комузун, 150 улут жашаган тюмендиктерге тартуулады. Конкурстун жыйынтыгы боюнча”Байчечекей” lll даражадагы, Жумабекова Сумая lll даражадагы дипломго татыктуу болду. Ал эми  “Ак Шоола” атайын байгени утуп алды.

“Биримдик” диапорасынын жетекчиси Канзада Сманова жеңүүчүлөрдү куттуктады: “Ушул фестивалга жылдап даярданып, аракет кылып келишкен жаш жеткинчектерди жана эжекелерди, балдардын ата- энелерин ийгиликтери менен куттуктайм! Алган дипломдоруңар кут болсун. Мындан ары да бактылуу балалык, бекем ден соолук, кең келечек, бийик инсандык жетишкендиктерди каалайм. Диаспоранын жетекчиси катары баарыңарга ыраазычылык билдирем жана силер менен сыймыктанам!”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<