Элчилик «миграциялык мунапыс» боюнча мигранттар менен жолукту

Элчилик «миграциялык мунапыс» боюнча мигранттар менен жолукту

30-мартта Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвадагы кыргыз диаспорасынын активисттери жана Москва шаарында иштеп жүргөн кыргызстандык жарандар менен жолугушту. Ага Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери да катышты.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, анда «миграциялык мунапысты» пайдалануу боюнча маалымат берилип, башка консулдук укуктук документ алуу, консулдук кызматтардан пайдалануу боюнча маселелер талкууланды.

Орусия Кыргызстандын жарандарына карата буга чейин жарыяланган «миграциялык мунапыстын» жол-жоболорун кайра карап чыккан.

Ага ылайык, Орусиянын аймагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандык жарандарга 1-апрелден 22-апрелге чейин Орусиядан чыкпай эле легалдашуу мүмкүнчүлүгү берилет. Жарандар тиешелүү маалыматтарды элчиликтин сайтынан да алса болот. (http://kyrgyzembassy.ru/?p=18570#.XJ9cYNQS_Dc)

Ал эми Орусиядан сот чечими аркылуу чыгарылгандар же өз алдынча чыгып кетүүгө милдеттендирген сот чечимин аткарбай жүрө берген жарандар тыюу салынган мөөнөтү аяктагандан кийин гана өлкөгө кире алат. Аларга бул «миграциялык мунапыс» колдонулбайт.

Издөөдө жүргөн же орус бийлиги тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылып, бирок өлкөдөн чыкпай жүргөн кыргызстандык мигранттар да «миграциялык мунапыстан» пайдалана албайт.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<