Россияда окуйм дегендерге маалымат. Бишкекке РФтеги ЖОЖ өкүлдөрү келет

Россияда окуйм дегендерге маалымат. Бишкекке РФтеги ЖОЖ өкүлдөрү келет

“Бишкек-2019” деп аталган иш-чара эки күн болот.

Борбор калаадагы Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында россиялык жогорку окуу жайлардын VI көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

“Бишкек-2019” деп аталган иш-чара 4-6-апрель күндөрү болот.

Россиялык ЖОЖ өкүлдөрүнүн сапарын “Московские Классики” коомдук фондусу уюштуруп жатат. Аларга Илим жана маданият боюнча Россиянын Бишкектеги борбору, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, аталган китепкана колдоо көрсөткөн.

Көргөзмөгө Россиянын Санкт-Петербург, Тюмень, Новосибирск, Хабаровск, Курск, Красноярк жана башка шаарларындагы окуу жайлар катышмакчы.Иш-чаранын алкагында Бишкектен сырткары Чүй, Ысык-Көл (Токмок, Кант, Шопоков, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата) аймактарында абитуриенттер үчүн кесипке багыт берген жолугушуулар болот. Балдар предметтик тесттерден өтүшөт, кызыккандарга жогорку билим алуу боюнча суроолорунун негизинде жеке кеп-кеңештер берилет.

ЖОЖ өкүлдөрү Ысык-Көлгө 2-апрелде, ал эми Чүйгө 4-5-апрелде барышат.

Уюштуруучулар кызыктарган суроолор болсо, 0 555 755 796 телефон номери менен байланышса болорун айтышты.

Булак Спутник

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<