“Замандаш” ассоциациясынын кыргызстандыктарга кайрылуусу

“Замандаш” ассоциациясынын кыргызстандыктарга кайрылуусу

Кыргызстанга жаз келсе жаратылыш менен кошо кээ бир күчтөр да ойгонгондой таасир калтырат. Биздин коомдун ар түрдүү катмардан тураары, ар кимдин ар башка максаты бар экендигин, акыркы кезде бурч-бурчтан чыга калып жаткан кеп-сөздөн билүүгө болот. Мындай кеп-сөздүн төркүнү, өлкөбүздөгү стабилдүүлүктү бузууга кызыкдар айрым күчтөрдүн бар экендигинен чыгып жатат.

Ушуга байланыштуу “Замандаш” ассоциациясы, анын катарына кирген диаспоралардын бардыгы Кыргызстаныбызда стабилдүүлүктү сактоого чакырабыз. Эки жолку революциядан кийин тескерисинче, экономикалык өнүгүү жактан коңшу өлкөлөрдөн да артта калганыбызды бардыгыңыздардын эсиңиздерге салабыз. Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк болсо гана өнүгүү болорун, инвестиция келерин, бийликке, элге ишеним пайда болорун дагы бир жолу кайталайбыз.

Кыргызстандан кетип башка мамлекеттерде эмгектенип жатышкан мигрант мекендештерибиздин каалаганы да тынчтык, стабилдүүлүк. Себеби, айрымдары мекенибизге кайтышып, тапкан каражатын ишкерликке, бизнеске салууга кызыкдар. Эгерде мекенибизде тынччылык болбосо, мындай иштер жүзөгө ашпайт. Демек, жумушчу орундар түзүлбөйт, мамлекетке салыктар төгүлбөйт.

Урматтуу замандаштар! Коомду бөлүп-жарууга үндөп же аракет кылып жаткан айрым күчтөргө кошулуп, дагы бир жолу алданып калбайлы. Азыр мамлекетти  тынымсыз эмгек, жаңы технологияларды ишке киргизүү, инвесторлордун каражат салуусу менен гана өнүктүрсө болоруна көз жетип калды.

Кыргызстаныбызда тынчтыкты сактоо өзүбүздүн гана колубузда экенин унутпайлы. Айрым кара ниеттердин куралы болуудан алыс бололу!

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<