Кыргызстандык жаранга россиялык соттун чечими чыкты

Кыргызстандык жаранга россиялык соттун чечими чыкты

Zpress буга чейин март айында Оренбург шаарынын кире беришинен кыргызстандык адам россиялык укук коргоо органдары тарабынан кармалганын жазып чыккан. Оренбург шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулунун кийлигишүүсү менен, ал адам үй камагына чыгарылган.

Кечээ, 2-апрелде кыргызстандык 1979-жылы туулган М. Н.  ишин Оренбург шаарынын Ленин районунун соту карады. М. Н. Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 291-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, башкача айтканда кызматтагы адамга, так айтканда жол кыймылын тейлөөчү кызматкерге пара берүүгө аракет кылды деп айыпталган. Кыргызстандык жаран административдик мыйзам бузгандыгы үчүн протокол түзбөө боюнча пара сунуш кылган. Ал Бишкек-Москва-Бишкек маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташып келген.

Бул соту иши өзгөчө тартипте өткөн, себеби, айыпталуучу өз айыбын толугу менен мойнуна алган. Акырында сот ага акчалай айып төлөө чечимин чыгарган. Мындай кабарды бизге Оренбург шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулдугунан билдиришти.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<