Түштүк Кореяда кыргыз мигранттары үчүн квотаны көбөйтүү айтылды

Түштүк Кореяда кыргыз мигранттары үчүн квотаны көбөйтүү айтылды

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2019-жылдын 2-апрелинде КР Түштүк Кореядагы элчиси Д. Кемелованын Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Юн Сун Гу мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын орчундуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле Бишкек менен Сеулдун ортосундагы тʏз аба каттамын ачуу, кыргыз эмгек мигранттары ʏчʏн квоталарды кɵбɵйтʏʏ, билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу маселелери боюнча сөз болду.

Д.Кемелова Корея тарапка Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык ɵнʏгʏʏлɵрдʏ колдогондугу ʏчʏн ыраазычылык билдирди. Yстʏбʏздɵгʏ жыл Кыргызстандын Президенти С.Жээнбеков тарабынан региондорду ɵнʏктʏрʏʏ жана өлкөнү санариптештирʏʏ жылы деп жарыяланганын белгилɵɵ менен, кыргыз тараптын Тʏштʏк Кореянын ушул багыттагы тажрыйбасын изилдɵɵгɵ, керектʏʏ жардам жана технологияларды тартууга кызыкдар экендигин белгиленди.

Ɵз кезегинде Юн Сун Гу мырза Тʏштʏк Корея менен Кыргызстандын элинин окшоштугун белгиледи. Ошондой эле жогоруда кɵтɵрʏлгɵн маселелердин эки тараптуу кызматташтыкты бекемдɵɵдɵ ɵтɵ маанилʏʏ экендигин айтты. Корея эл аралык кызматташтык Агенттиги жана экономикалык кызматташтык фонду тарабынан аткарылып жаткан бардык өнүгүү долбоорлорунун аягына чыгышына ишенээрин белгиледи.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<