Парламентте Орусиядагы кыргыз мигранттарынын убактылуу каттоого туруусу боюнча маселе жаралып жатканы айтылды

Бүгүн, 4-апрелде парламентте ар кандай маселелер саатында депутат Өмүрбек Бакиров Орусиядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн айтып чыкты.

Эл өкүлү мигранттар которгон каражатка той-топурларды өткөрбөөгө чакырды.

“Орусияга барып кыргыз мигранттары менен жолугуп келдим. Алар бир топ маселелерди коюшту. Биринчи маселе, биздин мигранттар документтерин жоготуп алышса Орусиядагы Сахарова деген убактылуу кармоочу жайда 3 айлап жатышат экен. Анткени Кыргыз мамлекетинен тиешелүү документтер такталып, акча которулуп барганча арадан 3 ай убакыт өтүп жатыптыр.

Ал эми экинчи маселе, той жана өлүмгө кеткен ашыкча чыгымдарга бир добуштан каршы болушууда. Мигранттар кыйналып каражат таап Кыргыз мамлекетине салышат. Алар тапкан акчага биз той-топуларды өткөрүүдөбүз. Учурда тойдун саны өтө көбөйдү. Мындай ашыкча чыгымдарга бөгөт коюшубуз керек. Ошондуктан элге муфтияттан, айыл өкмөттөн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Мындан тышкары Орусиядагы мигранттар үчүн эң көйгөйлүү дагы бир иш – убактылуу каттоого туруу. Жогоруда айтылган маселелерди чечүү үчүн Кыргыз өкмөтү Орусиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мигранттардын убактылуу каттоого туруусу боюнча маселени чечип берүү керек”, – деди Бакиров.

Булак Super.kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<