Россиянын Свердлов облусунун жетекчилиги КР Башкы консулдугу жана кыргызстандык студенттер менен жолугушту

Россиянын Свердлов облусунун жетекчилиги КР Башкы консулдугу жана кыргызстандык студенттер менен жолугушту

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2019-жылдын 2-апрелинде Урал федералдык университетинде Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун жана аталган окуу жайдын жетекчилигинин Кыргызстандан келген студенттер менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Жолугушууда орус тараптан Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В. Козлов, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы ѳкүлү А. Харлов, Свердлов облусундагы Адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Т.Мерзлякова, Свердлов облусунун Аймактык мусулмандар дин башкармалыгынын тѳрагасы Р. Гиндуллин, УрФУнун биринчи проректору Д.Бугров жана башкалар катышып сѳз сүйлѳштү. Кыргыз тараптан – консул Н. Алымбеков жана атташе Ч. Исанаева, «Кыргызстан-Урал» коомдук уюмунун ѳкүлдѳрү жана кыргызстандык студенттер катышты.

Жолугушууда Россия Федерациясынын Президенти В. Путиндин 2019-жылдын 28-мартында Кыргызстанга мамлекеттик иш-сапары менен баруусу жана Кыргыз-Россия региондор аралык сегизинчи конференциясынын жыйынтыгы, ошондой эле Свердлов облусу менен Кыргызстандын кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги, анын ичинде 2020-жылы Екатеринбург шаарында ѳткѳрүлчү Кыргыз-Россия региондор аралык тогузунчу конференциясы, ж.б. биргелешкен иш-чаралар боюнча маселелер талкууланды.

Тараптар кызматташуу үчүн ыраазычылык жана мындан аркы  ѳз ара мамилени чыңдоого даярдыгын билдиришти.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<