Түркиянын Бодрум шаарында полиция кызматкерлери атайын иш-чаранын жүрүшүндө адам сатуу жана сойкулук жасоого шектелген беш адамды кармады. Алардын арасында С.Б. аттуу Кыргызстандын жараны да бар, – деп жазат haberler.com агенттиги.
Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери бул иш-чараны 3 ай даярдашкан. Кармалгандардын жанында 48 огу бар бир тапанча табылган.
Кармалгандарга адам сатуу жана сойкулук жасоо боюнча айып тагылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак Кабар
Категориялар
Жаңылыктар