Бишкекте Кыргызстан, Россия жана Армения эксперттеринин катышуусунда миграция боюнча форум болуп жатат

Бишкекте Кыргызстан, Россия жана Армения эксперттеринин катышуусунда миграция боюнча форум болуп жатат

Бүгүн, 5-апрелде миграция боюнча Бишкек форуму болду. Ал Кыргыз Республикасынын, Армениянын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик органдары менен жарандык коомдорунун мигранттардын жашоо-шартын жакшыртуу маселелери боюнча кызматташуусун күчөтүүгө багытталган.

Миграциялык форумдун ишине КР Жогорку Кеңешинин депутаты Евгения Строкова, КР Өкмөтүнө караштуу миграция боюнча Мамлекеттик кызматтын төрагасынын орунбасары Самат Токтоболотов, Кыргызстандын миграциялык саясатын түптөгөн коомдук ишмер Айгүл Рыскулова, Россиядан, Армениядан келген эксперт-адистер, миграция боюнча эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров, Москвадагы “Мекеним Ала-Тоо” уюумунун төрайымы Жамилахан Бегиева да форумда болушту.

Форум учурунда төмөнкүдөй маселелер: КРдагы эмгек миграциясынын көйгөйлөрү; ЕАЭБдеги бирдиктүү эмгек рыногунун азыркы абалы жана өнүгүү перспективалары; КРдин ЕАЭБге мүчө өлкө катары эмгек мигранттарынын РФда иштөө укуктарынын ишке ашуусу жана башкарылбай жаткан миграциялык кырдаалдагы тобокелчиликтер; РФдагы Кыргызстандын, Армениянын жана Өзбекистандын эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү жана укуктук абалы; РФдагы мигранттардын проблемалары; РФнын миграциялык мыйзам базаларын жакшыртуу боюнча эл аралык жумушчу тобунун иши тууралуу отчет; Жөнөп жаткан мамлекеттен (КР алыскы райондорунан) миграциялык даярдыктарды көрүү практикасы; Жөнөп жаткан мигранттарды элди иш менен камсыздоо борборлору аркылуу даярдоо боюнча Армениянын тажрыйбасы жана мобилдүү топтор темалары талкууланды.

Бул жолку форумдун ишине Евразиялык экономикалык комиссиясынын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директорунун орунбасары Олег Артамонов жана РФ Президентинин алдындагы адам укугу боюнча кеңештин мүчөсү Андрей Бабушкин да катышып, Россиядагы миграциялык абал, акыркы кезде жарыяланган миграциялык мунапыс боюнча кеңири түшүндүрмө беришти.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<