Канзада Сманованын ийгилиги. 5 миң сом жана чаар баштык менен башталган ишкерлик

Канзада Сманова чар баштыктарды көтөрүп, темир жол аркылуу «челнок» бизнесин баштаган айымдардан. Орусияны базарлары аркылуу ачкан Канзада Сманова кийин мекендештерге жардам берип, маданий иш-чараларды уюштуруп, Тюмень облусундагы «Биримдик» кыргыз диаспорасын негиздеди.

Дарыгер кесибинин ээси болгон мекендешибиз диаспоранын ишмердиги, кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү тууралуу 24.kg агенттиги менен бөлүштү.

Канзада Сманованын жеке архивинен алынды

Фото Канзада Сманованын жеке архивинен алынды

Алгачкы кыйынчылыктар

Канзада Сманова Жалал-Абад облусунун Аксы районунан болот. 1995-жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун педиатрдык факультетин аяктагандан кийин № 8 шаардык поликлиникада үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштеп баштаган. Айлык акынын аздыгы, үй-жай тургузуу мүдөөсү себеп болуп, 1998-жылы Россияга бет алат.

Канзада Сманованын жеке архивинен алынды

Фото Канзада Сманованын жеке архивинен алынды

— Биринчи келгенде абдан коркконмун. Чынын айтсам, экзамен тапшырганда да анчалык корккон эмесмин. 5 миң сомго товар алып, поездде алардын аталышын, баасын улам жаттап, темир жол бекетине чыгып эле сооданы баштадым.

Алгач эле 5-6 орус жараны бет аарчымдын акчасын бербей 2-3 даанасын алып кетип калышты. Ага аябай ыйладым. Көрсө мага окшоп жаңы келгендерди таанып, буюмдарын уурдап кетип жүрчү колу туткактар бар экен. Анын үстүнө өзүм менен кошо 5 жаштагы кызымды да жетелеп келгенмин. Ал да мени менен чогуу Орусиянын кыйынчылыктарын көрүп, чар баштыктардын үстүнө уктаган убактар болду. Кызымды жетелеп жүрүп кыйналып Кыргызстанга кетип калдым.

Бирок, акча тартыштыгы кайра эле Орусияга түртөт. 2000-жылы кайра эле чар баштыкка 10 миң сомдук товарды салып, поездге түшөт.

Өжөрлүк менен жеткен ийгилик

— Бара-бара бутка туруп Бишкектен үйлүү-жайлуу болдум. Унаанын түрүн айдадым, той бердим. Ишим алга жылып, жетишкендиктер көп болду. Колумда 15ке жакын кыз иштеди, алардын беш-алтоосун жогорку билимдүү кылып окуттум. Дагы беш-алтоону күйөөгө колдон узатып жибердим. Азыр алар Орусиянын жана Кыргызстандын ар кайсыл аймактарында жашап, иштеп жатышат.

2009-жылы «Биримдик» кыргыз диаспорасын түзөт. Канзада Сманованын маалыматында, Тюмень облусунда 20 миңдей кыргызстандык бар. Алардын 15 миңи Орусиянын жарандыгын алган. Тюмень шаарынын өзүндө 5 миңге жакын кыргыздар жашайт. Алар тейлөө, медицина, курулуш чөйрөсүндө, нөөмөт бөлүмдөрүндө эмгектенишет.

— Бул жакта мекенден алыс болсок да, өз каада-салтыбызды, маданиятыбызды унутта калтырбайлы деп бий тобун ачканбыз. Мындан тышкары комуз, эстрадалык топ, вокалдык топ ийримдери иштеп жатат. Бул жаатта ар кыл сынактарга катышып, Кыргызстандын желегин желбиретип, ийгиликтерди багынтуудабыз. «Ак Шоола» жана «Байчечекей» бий топтору 10 жылдан бери тынымсыз эмгектенип, курамы улам жаңы муундар менен толукталып келген топ десек болот. Спорт тармагы да акыркы жылдары кеңейип, улуттук оюндардын катары толукталууда. Алдыда 9-май —Улуу Жеңиш күнүнө карата эрежесиз эр мушташ уюштурганы турабыз.

Диаспоранын кеңсеси оңдоого муктаж. Оңдоп алсак, балдардын базар күнкү мектебин ачат элек. Адабий кечелерди уюштурат болчубуз.

Тюмендеги мекендештер бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, жардам берип турушат. Алар социалдык тармактар аркылуу жумуш, батир, миграциялык каттоо, Кыргызстанга жөнөтүү жана башка маселелер боюнча жардамдашат.

Андан тышкары, иш менен камсыз кылуучу агенттиктерде иштеген мекендештер жумушка орношуп жаңыдан иштеп баштаган мекендештерибизди көзөмөлгө алып, айлык акысын толук алып, укуктарын корголушун байкап турушат.

 Бизге эч кандай кысым жок. Мекендештерибиз өздөрү мыйзамды сактабай күнөө кылышат. Мыйзамды сактагыла, алкоголдук ичимдик ичпегиле деп тартипке салып турабыз.

Жүк-200 былтыр көп болду, 8 жүк кетти. Акыркы убактарда ичип жүрүп, ичкиликке берилип кеткендер көп. Жоголгондорду издеп табабыз. Былтыр көбүнчө инфаркттан, инсульттан каза болушту. Төртөө ичкиликтен көз жумду.

Жүк-200 боюнча суроолордун баары жолго салынган. Ага Кубанычбек деген жигит жооп берет. Ал өлүкканадан маркумдун өлчөмдөрүн алып, табыт даярдайт. Акча дароо чогулат. Анткени ар бир региондун өзүнө тиешелүү фонду бар, кайсыл жактын жараны каза болсо, ошол аймактын фондунан каражат каралат.

Булак 24kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<