Миграция темасы балдар театрында

Миграция темасы балдар театрында

Кечээ, 5-апрелде Бишкекте миграциялык форум болуп өткөн. Россиядан, Армениядан, Өзбекистандан келген эксперттер жергиликтүү эксперттер менен бирге миграция көйгөйүн ар тараптуу талкуулашты. Изилдөөлөрдү жарыялашып, жакынкы 5-10 жылда миграция кай багытты көздөй өзгөрөрү тууралуу пикирлерин билдиришти.

Мына ошол форумдун алдында “Коомчулуктардын интеграциялануусу” коомдук фондунун алдындагы “Форум” балдар театры мигранттардын жашоосундагы проблемалар тууралуу сахнада, бир нече сценка менен көрсөтүп беришти.

Биринчи сценкада жаш жигит Россияга иш издеп жөнөйт. Интернеттен эле окуган жарыя боюнча иш берүүчүнүн дарегине барат. Бийик, кайтаруудагы имараттан бир адам чыгып, тиги жигиттин аты-жөнүн дааналап сурап, “Сиз армияда да кызмат өтөгөн турбайсызбы? Сиз бизде иштей аласыз” деп анан документтердин бардыгын алып калат. “Эртең кел” деп деп коюп өзү кирип кетет. Эртеси документин сурап келсе, “документиңди алгың келсе 5 миң рубль таап кел” деген жоопту угат. Мигрант жигит алдамчыга туш болуп, документтерин алдырып жибергенин ошондо түшүнөт. Ошол жакта мурда иштеп жүргөн инисинен жардам сурап, документти алганы келишсе, алдамчы эми 10 миң рубль сурайт.

Бул эч бир даярдыксыз миграцияга барып, алданып калган жигиттин окуясы. А турмушта мындайлар абдан көп да.

Экинчи сценкада миграцияда жүргөн жаш эненин документтери жайында болбой, мыйзам бузганы үчүн иши сотко өтөт. Ал эми алыста калган балдары балдар үйүнө жиберилет. Мындай учур, балким мындан да катаал окуялар ушу тапта мигранттардын башынан өтүп жатат.

Азыр миграция темасы коомчулукка эле эмес, ар бир үй-бүлөгө да тиешелүү болуп турат. Анын айынан үй-бүлөлөр бузулуп, балдар тирүүлөй жетим, же кароосуз калышууда. “Форум” балдар театры койгон чакан сценкалар жыйынга катышкан адамдарды кайдыгер калтырбады.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу