Миграциянын куну: Кыргызстанда ата-энесиз балдардын мууну өсүүдө

Миграциянын куну: Кыргызстанда ата-энесиз балдардын мууну өсүүдө

Өлкөнүн экономикасы мигранттардан көз каранды – эмгек мигранттары өз өлкөсүнө которгон каражат ИДПнын үчтөн бирине барабар. Бирок мунун кайтарымын кийинки муун төлөп жатат.

Мигранттардын жакындарына таштап кеткен балдары көп учурда кароосуз калып, зомбулукка кириптер болгон мисалдар арбын.

Өткөн жылдын жаз айында Каныбек менен Нурсулуу Григорьевка айылындагы үй-жайын, төрт баласын апасына калтырып, Орусияга жумуш издеп чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Каныбектин электрик болуп иштеп тапкан каражаты керектөөлөрүнө өп-чап гана жетчү. Балдардын окуусуна, айылга үй салганга акча жыйноо мүмкүн эмес эле. Ошондуктан үй-бүлө ич ара кеңешип, чечим кабыл алышкан экен.

Москвага келип, Каныбек көчө шыпырып, Нурсулуу дүкөнгө пол жуугуч болуп жумушка орношот. Улуусу он бир, кичүүсү төрт жашка чыккан балдарын 54 жаштагы чоң энеси Чынаранын колунда калтырышкан.

Жубайлар тапкан каражатын батирден, жеп-ичкенинен үнөмдөп олтуруп, Кыргызстанга дагы жөнөтө баштаган. Бирок бир нече айдан кийин эле артка кайтууга аргасыз болушту. Сегиз жаштагы кызы Мединаны жерге берүү үчүн кайтып келишти…

Рисунок: кладбище

“Мейли, балдар иштей берсин”

Сентябрда Медина ойноп жүргөн жеринен жыгылып кетип, колун кокустатып алган. Чынара небересинин колундагы канды көрүп, көп деле маани берген эмес экен. Жаракатты йод менен тазалап, байлап берген. Оорусу чыдатпай койгондон кийин айылдан 35 чакырым алыстыктагы облустук ооруканага алып барат.

“Унаабыз жок болгондуктан, кийинки күнү гана ооруканага барганга мүмкүн болду. Эртеси кечинде араң машине таптык,- деп эскерди көзүнөн жашын тыя албаган Чынара апа. – Кызыңдын колу сыныптыр деп, гипстеп, беш күндөн кийин текшерүүгө келгиле деди. Бирок эки күндөн кийин эле колу көгөрө баштады. Ооруканага кайра алып келгенде, колу чирий баштаган экен”.

Медина Бишкектеги ооруканага алып келе жаткан жолдо көз жумган. Бул иш боюнча тергөө азырга чейин уланып жатат. Тергөөчүлөр чоң энесин, кызга жардам көрсөткөн медицина кызматкерлерин суракка алышкан.

Каныбек менен Нурсулуу апасын күнөөлөшпөйт. Кырсык каш менен кабактын ортосунда, андан эч ким кача албайт, – дейт жубайлар. Бирок өздөрү Кыргызстанда болуп калганда, убагында медициналык жардам көрсөтө алмак белек деген өкүнүчүн жашырышкан жок.

Кызын жерге бергенден кийин алар кайра Москвага кетүүгө аргасыз болду.

“Келиним дале күйүттөн өрттөнүп жүрөт. Алар балдарын алып кетейин дешти. Бирок шарты болбогондуктан кайра калтырышты. Жумушка кетишсе, балдарын ким карайт, бала бакчага каражаты жок болсо”,- деп кеп салды Чынара.

Балдарды караш Чынара үчүн деле оор. Бирок башка жолу жок.

“Азырынча жашмын, неберелеримди караганга кудуретим жетет. Мейли, балдар иштей берсин. Неберелерим ата-энесин сагынып жүрөт. Бирок менин колумда чоңойгон үчүн аларга жеңил”.

Мединанын өлүмү соңку жылдары Кыргызстанда катталган жалгыз учур эмес. Өткөн жылдын соңунда үрөй учурган дагы бир окуя коомчулукту сестентти.

Чүй облусунда эки жаштагы наристе чарчап калса, Нарында төрт жаштагы наристе кызды зордуктап, анын жети жаштагы агасын жана чоң энесин чогуу өлтүрүп кетишкен. Ысык-Көлдө эки жаштагы кыз токмоктон каза тапканы айтылган.

Зомбулук жана кырсыктан бир гана мигранттардын балдары жабыр тарткан деп айтуунун өзү чекилик. Бирок балдар укугу жаатында иш алып барган активисттер башка бирөөнүн кароосундагы балдар аялуу болоорун белгилеп келишет.

2017-жылдагы расмий маалыматтарга караганда, 1,6 млн кыргызстандык жакырчылык чегинде жашайт. Бул калктын дээрлик 27 пайызы. Алардын 72 пайызы элетте жашагандар.

Сыртка эмгек миграциясына чыгып кетип жаткандардын көбү калктын эмгекке жарамдуу катмары.

Рисунок: вокзал

Кыргызстандагы мигрант бүлөлөрдүн балдары тууралуу так статистика жок. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебинде, 72 миңдей бала бар. ЮНИСЕФ болсо 199 миң баланын атасы дагы, апасы дагы миграцияда, 299 миң баланын ата-энесинин бирөөсү миграцияда деп эсептейт. Бул Кыргызстандагы жашы жете элек курактагылардын 15 пайызын түзөт.

– Азыркы доордо миграцияны токтотуу мүмкүн эмес. Бирок мигранттарды кабыл алган өлкөлөр алардын балдарын да ээрчитип келишин каалабайт, – дейт социолог Гүлнара Ибраева.

“Орусияга жубайлардын экөө тең бара жатса дагы балдарын ээрчитип кете алышпайт. Анткени ал жактагы балдарга түзүлгөн шарт өтө начар. Ошол эле учурда жубайлар миграцияда жүргөндө эки башка жашап калышы мүмкүн, жумушуна жакын же арзан деп башкалар менен чогуу батирге чыккан мисалдар бар”.

Ибраева Тула облусундагы Клищино айылындагы мигранттарга байланышкан окуяны мисал келтирет. ЖМКга чыгып кеткен “кыргыз анклавы” тууралуу макалалардан кийин жергиликтүү бийлик айылдын генпланын өзгөрткөн эле. Төрт жүздөн ашуун мигрант өткөн жылы бул жерден жер сатып алып, турак-жай курганы жаткан. Кийин алар жеке менчигинен ажыроо коркунучунда калышты. Анткени жер кайра айыл-чарбасы үчүн иштетилсин деген чечим чыгарып салган.

“Орусиялыктар үй-бүлөлүк миграцияны, мигранттардын Орусия аймагында отурукташуусун каалабай жатканы көрүнүп турат”,-дейт Ибраева.

Аял мигранттар балдары менен Москвада кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканы режиссер Сергей Дворцевыйдын “Айка” тасмасында чагылдырылат.

Тасманын идеясы реалдуу кыргыз мигранттарынын турмушунан алынган.

“Маселени чечүү керек, аны азыркы жылжып агып жаткан абалында калтырууга болбойт. Мигранттар акырындап коомго аралашып жатышат. Алар коомдун толук кандуу мүчөсү болгусу келет. Бирок азыркы кырдаалда алардын мүмкүнчүлүгү өтө эле аз”,-деген Дворцевой Би-Би-Си менен маегинде.

Рисунок: прощание

Баланы асырап алуу жоопкерчилиги

Жыйырма үч жаштагы Перизат төрт ай мурун Кыргызстандан Якутск шаарына келген. Ал орто мектепти гана бүтүргөн. Бирок орус тилди мыкты билгендиктен, бул жактагы дүкөндөрдүн бирине сатуучу болуп ишке орношом деп үмүттөнүп турат.

Жумушка орношуу үчун уруксат кагазы келгенге чейин жердештери иштеген дүкөндө пол жууп, үч мигрант кыз-келин менен чогуу жашап жатат.

“Жолдошум менен ажырашып кеткенден кийин өзүмчө бизнес кылайын деп ойлодум. Насыя алып, кийим-кече саткан дүкөн ачтым. Тилекке каршы ишим жүрүшпөй, тез эле сызга отуруп калдым,- деп айтып берди Перизат. -Банктан алган насыямды төлөшүм керек болду. Тигүүчүлүк кылып тапкан акчам батир менен тамак-аштан арткан жок”.

Ал төрт жаштагы уулун апасы менен сиңдисине калтырып, Орусияга келе берген. Күйөөсү менен ажырашкан учурда баласы өтө жаш эле, ошондуктан атасынын бала менен иши деле жок, – дейт ал.

Миграция боюнча иш алып барган мамлекеттик мекемелердин маалыматына таянсак, кыргызстандык мигранттардын 45 пайызы аялдар.

Миграция боюнча эл аралык уюм тарабынан даярдалган докладда кыз-келиндердин миграциясынын кесепеттери тууралуу айтылат. Зомбулукка, стигматизацияга кабылып, балдарынан алыс жүргөнү социалдык байланыштарды ыдыратканы тууралуу сөз болгон.

Рисунок: семья

Докладдын авторлору миграция жеке жашоосуна эле таасирин тийгизбестен, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарына кесепетин тийгизгенин белгилешкен.

Кыргызстанда өкмөттүн токтому менен мигранттардын балдарынын баарын каттоого ала башташты. Өткөн жылдын декабрында эле ата-энеси чет өлкөдө жүргөн 79 миң бала катталган.

“Айрым балдар бала бакчага же мектепке барбай жатканын түшүндүк. Алардын үйүндө эмне болуп жатканын эч ким билбейт да. Эртеден кечке үйдөн чыкпай отургандар бар,- дейт ИИМдин жашы жете электер менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Абдрахманов. -Үйлөргө бригада менен барып, текшерүү жүргүзөбүз. Үй-бүлөлүк дарыгер, аймактык милиция менен бирге барабыз. Мындай болгондо алардын жашоо шарты, балдардын абалы менен толук таанышып, каттоого алууга мүмкүндүк берет”.

Укук коргоочулардын айтымында, мындай кадам жашы жете элек балдарга жасалган зомбулуктарды алдын алуунун бир гана баскычы. Алар мигрант ата-энелердин балдарын өз кароосуна алган жакындарын жоопкерчиликти күчөтүүгө чакырып жатышат. Бул үчүн бала асыроо боюнча мыйзамдуу жол менен милдеттерди жүктөө сунушун беришүүдө.

ЮНИСЕФ атайын форманы иштеп чыгууну баштады. Баштапкы этаптарда муну өз эрки менен кылуу жагы каралган. Экинчи кадам- жергиликтүү бийлик жана мектептер менен иш алып баруу. Алар ата-энелерине байланышып, баласын бирөөнүн асыроосуна берүүгө жардамдашуусу керек. Эгерде каршы болсо, сот аркылуу милдеттендирүү жагы да каралган.

Перизат мындай процедура тууралуу уккан эмес. Бирок уулун апасына калтырган соң ал коопсуз жана ишеничтүү колдо деп эсептейт.

Ошол эле учурда апасынын көзү жакшы көрбөй, биринчи топтогу майып экенин айтып берүүдө. Перизаттын уулунан сырткары, алты жаштагы сиңдиси дагы апасынын кароосунда.

Ижарага алынган батирде жашап, Перизаттын колун карашат.

Жыйырма тогуз жаштагы Жазгүл он үчкө толгондо, апасы Орусияга жумуш издеп чыгып кеткенин кеп салды.

Атасы үч баласын карап калган. Иниси жана сиңдисине кам көрүү көбүнчө Жазгүлдүн мойнунда эле. Апасы иштеп тапкан каражатка насыясын төлөп, үй салышкан.

Үч жылдан кийин апасынын артынан атасы дагы Орусияга кетет.

Ата-энеси он жылдан кийин балдары өз алдынча болуп калганда гана келишти. Албетте, алардын татыктуу билим алуусуна, жакшы кийинип, кеңири басып турганына каражат салышты.

Болгону үй-бүлөнүн чогуу болгон учурлары сейрек эле.

Жазгүл бул үчүн ата-энесин күнөөлөбөйт. Мындан башка жол болбогонун жакшы түшүнөт.

“Бардык мигранттардын “америкалык кыялы” бар – үй, унаа сатып алуу, үйлөнүү, балалуу болуу, чоң той кылуу, балдарга жакшы билим берүү. Бирок бул кыялдын арты менен жүрүп, жылдар өтүп, балдар дагы эр жетип калганын билбей калышат”,-дейт Жазгүл.

Булак Би-Би-Си

Категориялар Аналитика, Жаңылыктар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<