Орусия жарандарынан беш кишиден бирөөсү өлкөдөн кетүүнү каалайт

Орусия жарандарынан беш кишиден бирөөсү өлкөдөн кетүүнү каалайт

Орусияда ар бир беш кишиден бирөөсү өлкөдөн кетүүнү каалайт.

Gallup изилдөө фирмасынын сурамжылоосуна караганда акыркы он жылда биринчи жолу элдик каттоодо артка кетүү болгон Орусияда ар бир беш кишиден бирөөсүнүн өлкөдөн кетүүнү каалагандыгы белгиленди.

Өлкө тышына кетүүнү каалаган аймак борбор шаар Москва. БУУ уюму 2050 –  жылга чейин Орусия үчүн калк санындагы төмөндөө катнашын 8 пайыз деп эсептеген.

2014 –  жылдан бери Орусияда эмгектенүү жашына жеткен кишилердин арасында өлкөдөн кетүүнү каалагандардын саны үч эсеге чыккан.

Бул катнаш 15 – 29  жаш аралыгында 14 пайыздан 44 пайызга, 30 – 45 жаш арасында 7 пайыздан 22 пайызга, 46 – 60 жаш арасында болсо 3 пайыздан 9 пайызга жогорулаган.

НАТОдогу аскердик операциялар жана Украина маселелеринин         айынан Европа Биримдиги жана АКШ менен карым  – катнаштардын солгундашы, Орусия калкынын бул өлкөлөргө баруу каалоосунун алдында бир тоскоолдук болбойт.

Орустардын 40 пайызы Европа Биримдигине барууну кааласа, 16 пайызы АКШны калайт. 15 пайыз менен орустар эң көп каалаган өлкө Германия.

Булак TRT

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу