Орусияда былтыр 27 тажикстандык зомбулуктан көз жумду

Орусияда былтыр 27 тажикстандык зомбулуктан көз жумду

Орусияда 2018-жылы тажикстандык 27 мигрант зордук-зомбулукка кабылып, көз жумду. Бул тууралуу Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахман Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эмгек мигранттарын коргоо комитетинин Женевада өткөн жыйынында билдирди.

«Эркин Европа\Азаттык» радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Юсуф Рахман Орусияда тажик жарандарынын өлтүрүлүшү мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе азайганын белгилеген.

Тажикстандын БУУга сунуш кылган баяндамасына ылайык, 2013-жылы Орусияда зомбулуктун кесепетинен 93 тажикстандык набыт болгон. 2017-жылы 49 тажикстандыктын сөөгү келген.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<