Киевде болгон жардырууга кыргыз жаранынын тиешеси жок

Киевде болгон жардырууга кыргыз жаранынын тиешеси жок

 

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы У. Дыйканбаев бүгүн, 11-апрелде брифинг өткөрдү. Анда КР Президенти С. Жээнбековдун бир катар чет өлкөлөргө жасай турган иш сапарлары, Кыргызстанга келе турган мамлекет башчылары, Кыргызстанда жакын арада өтө турган эл аралык жыйындар тууралуу сөз болду.

Ошондой эле КР Тышкы иштер министрлиги бир катар чет мамлекеттерде консулдуктарды ачуу боюнча пландуу иш жүргүзүп жаткандыгы да айтылды. Тактап айтканда, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кошумча канцелярийлерин РФнын бир катар аймактарында: Сургут, Иркутск, Южно-Сахалинск жана Якутск шаарларында ачуу күтүлүп жатат.

Мындан тышкары Италияда, Францияда жашап иштеп, окуп жатышкан кыргызстандыктардын саны арбып бара жаткандыгына байланыштуу алардын укуктарын коргоо максатында жана Президенттин тапшырмасы менен аталган өлкөлөрдө консулдук мекемелерди ачуу маселелери иштелүүдө.  Азыркы тапта Кыргызстандын Швейцариядагы жана Бельгиядагы элчиликтери квартал сайын Италиянын жана Франциянын шаарларына барышып, консулдук иштерди аткарып жатышат.

ТИМдин басма сөз катчысына ушул айдын башында Киевде болуп өткөн жардыруу боюнча да суроо берилди. Себеби, буга чейин ММКларда жардырган адамдын Кыргызстандын жараны экендиги тууралуу маалыматтар чыккан эле. Басма сөз катчысынын айтымында, жардырууга катышы бар делген адамга Кыргызстандын паспорту берилген эмес. Ошондой эле Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин кабарлаганы боюнча, жардыруунун натыйжасында 5-апрелде каза болгон адамдын Кыргызстандын жараны экендиги аныкталган эмес. Мындай маалыматты Киевдин тиешелүү укук коргоо кызматтары билдирген.

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<