Москвага башка бирөөнүн паспорту менен учууга аракет кылган КР жараны кармалды

Москвага башка бирөөнүн паспорту менен учууга аракет кылган КР жараны кармалды

Россиянын Москва шаарына башка бирөөнүн паспорту менен учууга аракет жасаган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ош-аэропортунун” көзөмөл бекетинде 12-апрель күнү Ош-Москва каттамы боюнча чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган 30 жаштагы Ж.А. аттуу айым кармалган.

Аталган факты боюнча тиешелүү документтер толтурулгандан соң, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Булак Кабар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<