Санкт-Петербургда кыргыз-орус жаштары маданий кече өткөрүштү

Санкт-Петербургда кыргыз-орус жаштары маданий кече өткөрүштү

Кечээ, 11-апрелде Санкт-Петербург шаарында окуган кыргыз студенттери Москва районунун жаштары менен жолугушуу өткөрүштү. Бул достук баарлашуу “Кыргызстан – табияты таза өлкө” деген аталышта болду.

Мындай дилазык жолугушууга Асел Осмоналиева (СПбГУ), Мадина Жусупова (ЕврАзэс МПА алдындагы университет), Дастан Төрөкулов (РГГМУ), Асылкерим Полотов (ИТМО), Руслан Баймуратов (ЖАГУ), Айбек Нуркамилов (СПбГУАП), Айдай Арымбаева (ИТМО), Ислам Айдарканов (СПбГУ), Асель Саилбекова (ИТМО) сыяктуу кыргыз студенттери катышты.

Аталган иш-чараны “Санкт-Петербургдагы кыргыз улуттук маданий автономиясынын” алдындагы “Kyrgyz Union SPb” деп аталган жаштар бирикмеси уюштурду. Жолугушууда аталган автономиянын вице-президенти Сара Жапарова, жаштар канатынын төрагасы Дастан Төрөкулов да болду.

Санкт-Петербургдун жаштары Кыргызстан тууралуу баяндамаларды зор кызыгуу менен угушуп, видеофильм да көрүштү. Мындай иш-чаралар эки өлкөнүн жаштарынын мамилесин чыңдоого жакшы жардам берет.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<