Тюмендик кыргыз мигранттары “Мигранттын сүйүүсү” аттуу көркөм фильм тартышты

Тюмендик кыргыз мигранттары “Мигранттын сүйүүсү” аттуу көркөм фильм тартышты

5-апрелде Россиянын Тюмень шаарында жашаган кыргызстандыктардын турмушунда олуттуу маданий окуя болуп өттү. Олуттуу дегенибиздин себеби, кыргызстандык мекендештерибиз аты эле айтып тургандай,  “Мигранттын сүйүүсү” деп аталган көркөм тасма тартышып, ошол тасманы көрүштү.

Тюмендеги аймактык коомдук уюм “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманованын айтымында, бул тасманы тартууга бир жыл убакыт кеткен. Тасманын автору жана режиссеру Урматбек Абдыкадыров 5-апрелде “Торфяник” маданият үйүндө тасманын бет ачаарынын алдында Тюменде жашаган кыргызстандыктарга, “Биримдик” диаспорасынынын мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирген. “Ушу тасманы баштаар алдында сиздердин мени моралдык, материалдык жактан колдоп, жылуу сөздөрүңүздөрдү аябаганыңыздар үчүн чексиз ыраазымын! Сиздер бардык жакшылыктарга татыктуусуздар!” деп кайрылган.

“Мигранттын сүйүүсү” тасмасынын автору жана режиссеру Урматбек Абдыкадыров, башкы ролдорду аткаргандар: Наргиза Осмонова, Уулжан Исраилова, Урматбек Абдыкадыров, ролдорду: Жусубакмат Турдумаматов, Алтынай Кушбакова, Жылдыз Сатарова, Баяман Айдарбек уулу, Элдияр Токторов, Чачыкей Арстанкулова,  Олег Усачев, Туратбек Жолдошев, Абдыманап Жолдошев, Батма Эркинбекова, Үсөн Абдугапар уулу, Жамийла Жолдошева, Барчынай Байматова, Инаятула Кулеков аткарышкан. Ал эми тасманы Олег Усачев тарткан. Аттары аталгандардын көпчүлүгү диаспора мүчөлөрү, “Мөл булак” компаниясынын жетекчиси Жылдыз айым, мамлекеттик Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматкери Жусубакмат Таштанович, Жолдош байке, Турат байке “Өзгөн” коомунун аксакалдары. Калганы Тюменде такси айдаган, кафеде иштеген, пол жууп иштеген, ашпозчу болуп, керек болсо тамада болуп иштеген тюмендик кыргыздар.

“Мигранттын сүйүүсү” тасмасынын кыскача мазмуну мындай: Кыргызстанда жогорку окуу жайларын бүтүргөн жаштар иш таппай, өздөрүн керексиз сезишип, көп акча берип жакшы жумушка кирейин десе акчасы да, таанышы да жок болуп чыгышат. Акыры чет өлкөлөргө чыгып кетишип, алар кабылган ар кандай татаал жагдайлар, азыркы кыргыз коомундагы ысырапкерчилик, үйлөнүү тойлорундагы ашыкча чыгымдар, ушундай ашыкча ысырапкерчиликтин айынан жаштар бактылуу болуунун ордуна кайра өздөрү кредит төлөгөндөрү, ыймандуулук, билим алууга, мыйзам менен жашоого чакырыктар камтылган. Жалпы эле коомдун, айрыкча миграция көйгөйлөрү тууралуу тасмада ачык чагылдырылган. Тасманын узактыгы эки саатча. Тасманы тартууга кеткен чыгымды ошол жерде жашаган кыргызстандык мигранттар жыйнап берген.

– Бул тасманы Тюмендин четиндеги Екатеринбург, Челябинск, Сургут шаарларындагы кыргыз диаспораларына да көрсөтүүгө сунуш кылабыз, – дейт Канзада Сманова.

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<