“Былтыр Орусиядан Кыргыз жарандары таштаган 75 ымыркай алып келинген” дейт депутат

“Былтыр Орусиядан Кыргыз жарандары таштаган 75 ымыркай алып келинген” дейт депутат
Былтыр Орусиянын аймагынан Кыргыз жарандары тарабынан ташталган 75 ымыркай алып келинген. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.

Былтыр Орусиянын аймагынан ата-энесиз калып ташталган 75 ымыркай алып келиниптир. Мамлекет үчүн бул уят нерсе. Эмне себептен мындай болду, кайсы мыйзамдарды өзгөртүү керек, кимди жоопкерчиликке тартышыбыз керек? Бир жылда эле 75 ымыркай! Буга чейин мен мындай нерсени уккан эмесмин”, – деди депутат.

Өткөн жылы аткарылган иштер тууралуу отчёт берген башкы прокурор бул багытта тиешелүү иштер жасалып жатканын билдирди. “Бул багытта жер-жерлерде алдын алуу иштери аткарылууда. 75 бала боюнча тактап маалымат берейин”, – деди башкы прокурор.

Депутат буга ким күнөөлүү экенин аныктоо керектигин айтты. “Себеби ал жакта миллионго жакын биздин жарандар жүрөт. Бүгүн 75 бала болсо, эртең 700 бала болот, муну токтотпосо өнөкөткө айланат”, – деди Тиллаев.

Булак “Super.kg”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<