Германия Кыргызстанда ооруканаларды курууга 21 млн евро грант берет

Германия Кыргызстанда ооруканаларды курууга 21 млн евро грант берет

Германиянын өкмөтү Кыргызстанда ооруканаларды куруу үчүн 21 млн евро өлчөмүндө гранттык каражат берет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасаган расмий визити учурунда бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Алардын катарында финансы министри Бактыгуль Жеенбаев жалпы суммасы 21 млн еврону түзгөн үч келишимге кол койгон.

Бул документке ылайык, 13 млн еврого Ош шаарында перинаталдык оорукана, Талас шаарында 6 млн еврого перинаталдык оорукана курулат. Кошумча 2 млн евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканага жумшалат.

Булак Кабар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу