Кыргызстандагы жана КМШдагы орточо айлык акылар канча?

Кыргызстандагы жана КМШдагы орточо айлык акылар канча?

Кыргызстанда иштеген жарандарга Казакстанга салыштырмалуу эки эсе аз айлык төлөнөт.

Кыргызстандыктар КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз маяна аларын Улуттук статистика комитети маалымдады.

Кыргызстандыктар россиялыктарга салыштырмалуу үч эсе, казакстандыктар менен белоруссиялыктардан эки эсе аз айлык алышат. 2018-жылга карата өлкөдө орточо айлык 235,6 доллар же 16421 сом деп аныкталган.

Орточо маяна Тажикстанда 133,3, Өзбекстанда 226, Азербайжанда 317,7, Украинада 328,3, Арменияда 356,9, Молдовада 408,3, Казакстанда 471, Беларусияда 469,6, Россияда 694,7 долларды түзөт.Баса, өлкөдө эң жогорку маяна программисттер менен финансисттерге сунушталат экен. Алар айына 30 миңден 140 миң сомго чейин алат.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<