Парламентте Чехияга виза ала албай жүргөн Кыргыз жарандарынын көйгөйү көтөрүлдү

Парламентте Чехияга виза ала албай жүргөн Кыргыз жарандарынын көйгөйү көтөрүлдү

Кечээ, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов тышкы миграция маселесин көтөрдү.

“Өлкөдө иш орун жок болгондуктан жарандарыбыз өздөрү чет өлкөдөн жумуш издеп жүрүшөт. Мага жакында Чехиядан чакыруу алып 6 айдан бери виза ала албай жүргөн биздин жарандар кайрылды. Чехиянын элчилиги Казакстандын Нур-Султан шаарында экен. Электрондук кезекке такыр тура албай айласы жок болуп жатышат. Ушул маселени өкмөт өзүнүн колуна алып, Чехия менен мамлекеттер аралык келишим түзсө жакшы болмок.

Чехиянын ишканаларынын жетекчилери Бишкекке келип кеткен экен. Алар иш орундарын түз келишим менен берүүгө даяр экенин билдиришкен. Бирок биздин дипломатиялык мекемелердин жоктугу тоскоолдук болуп жатат. 2019-жылга Чехияда 500 миң квота бар экен“, – деди депутат.

Булак Super.kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<