Кыргызстандыктар Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов скверине ишембиликке чыгышты

Кыргызстандыктар Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов скверине ишембиликке чыгышты

Санкт-Петербург шаарында кечээ, 20-апрель күнү ишембилик болду.

Шаардын Калинин районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы скверге кыргыз коомчулугунун мүчөлөрү, жаштар чогулушуп, скверди тазалап, жашылдандыруу иштерин жасашты. Бул ишембилике Кыргыз Республикасынын Россиядагы ыйгарымдуу укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов да Москвадан келип,  катышты.

Ишембилик учурунда элчи кыргызстандыктар менен жакын пикир алышып, алардын ар түрдүү суроолоруна жооп берди. Кыргызстандыктар элчинин мигранттардын пикирин өздөрүнөн укканына ыраазы болушту. Ишембиликке катышкандардын бардыгы өздөрүнө керектүү бардык суроолорго жеткиликтүү жооп ала алышты.

Бул тууралуу бизге Санкт-Петербургда жашаган мекендешибиз Өктөм Мамаева кабарлады.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<