15-майда Нур-Султан шаарында “Айтматов окуулары” өтөт

15-майда Нур-Султан шаарында “Айтматов окуулары” өтөт

Урматтуу мекендештер!

 «Кыргызстан-Астана» коомдук бирикмеси (Казахстан) жана Евразия чыгармачыл гильдиясы (Лондон) Казахстан элдер Ассамблеясынын, Нур-Султан шаарынын акимчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен, үстүбүздөгү жылдын 15-майында  жаштардын эл аралык «Айтматов окуулары» форумун өткөрөт.

Программада:

  • Гильдиядагы жазуучулардын жаштар менен жолугушуусу, жаңы китепттердин бет ачары, жыйынтык чыгаруу, эң мыкты эссе жазган жеңүүчүнү сыйлоо;
  • Ч.Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасы боюнча спектаклди көрүү;
  • Гильдиядагы сүрөтчүлөрдүн «Тоо менен Талаанын жолугушуусу» аттуу көргөзмөсү;
  • Чыңгыз Айтматов атындагы музейдин ачылышы;
  • Казакстандын жаш борбору Нур-Султан калаасын кыдырып таанышуу;
  • «Ыр-кесе» майрамдык концерти;
  • Кыргыз диаспораларга этнолингвистикалык мектеп уюштуруу, эне тилин окутуу жана алар үчүн китеп жазып чыгаруу боюнча семинар.

Форумга катышып кененирээк маалымат алуу үчүн aitmatov2019@mail.ru электрондук дарегине кайрылып кат жолдоңуз.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<