“Айтматовдук окууларга” катышууга Нур-Султан шаарына чакырабыз!

“Айтматовдук окууларга” катышууга Нур-Султан шаарына чакырабыз!

 

Кымбаттуу достор!

“Кыргызстан- Астана” коомдук бирикмеси 15-майда Нур-Султан шаарында “Айтматовдук окууларды” өткөрөт. Ушул иш-чаранын алкагында кызыктуу жолугушуулар, чыгармачыл талкуулар, сүрөт көргөзмөлөрү, китептердин бетаачары, концерттер, спектаклдер, жаштардын арасында конкурстарды өткөрүү пландалып жатат. Бул ишти уюштуруучулардын бири Евразиялык чыгармачылык Гильдиясы (Лондон), аталган уюм Гильдиянын мүчөлөрүнүн чыгармаларын Европа өлкөлөрүнө жана Америкага жайылтуу менен иштеп келет.

Иш-чарага расмий адамдар, жазуучулар, акындар, музыканттар – бүткүл дүйнөгө атагы чыккандардан тарта чыгармачылыгын жаңы баштап жаткандарга чейин катышат. Катышуучулар өз чыгармаларынын бет ачаарын өткөзүп, ошондой эле жогорку окуу жайларынын, колледждердин студенттери менен чыгармачыл жолугушууларды өткөрө алышат.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы миллиондогон окурмандардын чыныгы сүйүүсүнө татыктуу болуп, аны азыркы доордогу дүйнөлүк классиктердин катарына койду. Дүйнөнү таанып-билүүнүн айтматовдук салттарын, ушу кезге чейин анын окурмандарын толкундантып келе жаткан каармандарынын руханий идеяларына макул болуу жана алардын гуманизмин улантуу менен, уюштуруучулар сиздерди “Айтматовдук окууларга” катышууга чакырат. Сиздер азыркы доордун проблемаларына болгон көз караштарыңыз менен ушул жерден бөлүшө аласыздар. 

Катышуучулардын Нур-Султанга келип-кетүү жол чыгымы, мейманканаларда жашоосу жиберип жаткан тараптан болот. 

Уюштуруучулар тарабынан негизги жана кошумча иш-чаралар уюштурулат: жергиликтүү транспорт менен камсыздоо, шаар боюнча экскурсия,  ошондой эле тамактануу (иш-чара өткөн күнкү түшкү жана кечки тамак) чыгымдарын көтөрөт.

Сиздерди чын жүрөктөн биздин иш-чарага катышып кетүүгө чакырабыз!

Кошумча маалыматтарды  алуу үчүн арызды төмөнкү электрондук дарекке жибериңиз:

aitmatov2019@mail.ru.

Байланыш телефондоруңузду жазып коюңуз, биз сиз менен байланышабыз. 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<