Эл аралык “Айтматовдук окуулар” конкурсунун жобосу менен таанышып, катышыңыз!

Эл аралык “Айтматовдук окуулар” конкурсунун жобосу менен таанышып, катышыңыз!

“Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмеси, Казакстан элдеринин Ассамблеясы жана Евразиялык чыгармачылык Гильдиясы (Лондон), Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчилигинин колдоосу менен, “ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ. ЭПОХА. ЛИЧНОСТЬ. ГУМАНИЗМ” аттуу эсселердин эл аралык конкурсун өткөрүп жатат.

“А бирок ар бир адамдын алдында эстен чыккыс милдет – бүгүн, эртең, ар дайым адам болуу турат”.    Чыңгыз Айтматов. “Кыямат”.

 

Конкурстун максаты: жаштарды илимий, изилдөөчүлүк жана иликтөөчүлүк иштерге тартуу; улуу жазуучу, философ жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, анын дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы менен тааныштыруу.

            Конкурска катышуучулар: конкурска катышуу үчүн мектептердин окуучуларын, жогорку окуу жайлардын, колледждердин студенттерин чакырабыз.

Конкурстук иштерди кабыл алуу: Жогорку окуу жайларынын жана колледждердин студенттеринин иштерин кабыл алабыз. Конкурска эсселер электрондук түрдө 5-апрелден 5-майга чейин  aitmatovastana@mail.ru. электрондук почтасына кабыл алынат. Конкурстук ишке катышуу боюнча арыз да болушу керек (алдыдагы 1-тиркемени караңыз).

Эссенин текстинин көлөмү: 2 бетке чейин. 

Эссени жазууга коюлган редакциялык талаптар: Тилдери: казак, кыргыз, орус, англис. Word for Windows, шрифт Times New Roman, Cyr № тексттик редактору 12, 1,5 интервалдан. Иштин электрондук вариантында файл автордун фамилиясы менен аталышы зарыл. (мисалы, Nurlanov.doc).

Рецензиялар: Чыгармалар (эссе түрүндөгү конкурстук иштер) рецензияланбайт.

Иштерди баалоонун критерийлери: конкурстун тематикасына шайкеш келүүсү, чыгарманын эссе жанрына жооп берүүсү, автордук позициянын көрүнүп турушу, чыгарманын тилинин адабий нормаларга туура келүүсү, чыгармачыл мамиленин болуусу, иштин азыркы учурга ылайык болуусу.

Конкурстун жыйынтыгы: акыркы жыйынтыктар 2019-жылдын 15-майында Нур-Султан шаарында өтө турган жаштардын эл аралык “Айтматовдук окуулар” форумунда чыгарылып, жарыяланат.

Мыкты эсселерди жарыялоо: Конкурстук комиссиянын чечими менен эң мыкты эсселер Евразиялык чыгармачылык Гильдиясынын «OCA MAGAZINE» журналында жарыяланат.

Сыйлык тапшыруу: Алгачкы он орунга ээ болгон жеңүүчүлөр дипломдор жана белектер менен сыйланат. Ал эми биринчи орунду ээлегендер (кыргыз, казак, орус тилдеринде) Евразиялык чыгармачылык Гильдиясына мүчөлүккө кабыл алынат. Бардык катышуучуларга конкурска катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылат.

Уюштуруу комитетинин дареги: Бардык суроолор боюнча конкурстун уюштуруу комитетине кайрылыңыздар: Нур-Султан шаарындагы Казакстан элдеринин Ассамблеясынын Достук үйү (010000, Астана, проспект Бауржана Момышулы 24/9), конкурстун оргкомитети. aitmatovastana@mail.ru.

Кулактандыруу! Бардык иштер плагиаттык боюнча текшерүүдөн өткөрүлөт. 

БИЗДИН КОНКУРСКА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАБЫЗ!

1-тиркеме.

 Эсселер конкурсуна катышууга арыз 

 «ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ. ЭПОХА. ЛИЧНОСТЬ. ГУМАНИЗМ».

 

 

Катышуучунун аты-жөнү  
Жаш курагы  
Окуу жайы  
Байланыш телефондору  
Электрондук варианттын файлынын аталышы  
Конкурстук ишинин аталышы  
E-mail  

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<