Түрк-кыргыз мигранттарынын абалы жеңилдейби?

Түрк-кыргыз мигранттарынын абалы жеңилдейби?

22-апрелде Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде кыргызстандык бийлик өкүлдөрү менен, жарандардын өз ара каттоосуна байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын делегация курамында КР Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы боюнча департаментинин директору А. Имангазиев, КР Өкмөтүнө караштуу миграция боюнча Мамлекеттик кызматтын төрагасынын орунбасары С. Токтоболотов жана башка тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер болушту. Ал эми түрк тараптан Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук иштер боюнча Башкы дирекциясынын башкы директорунун орунбасары Эмине Эже Озбайоглу Ажарсой, ошондой эле Түркиянын Миграциялык кызматынын, үй-бүлө иштери эмгек жана социалдык кызматтардын, Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн жарандарынын виза алуулары үчүн алына турган консулдук жыйымдын ставкасынын төмөндөтүү зарылдыгы боюнча, Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын эки өлкөдө болуусунун шарттары жана эмгек ишмердигин жүргүзүүгө уруксат алуу маселелери боюнча келишимдерге жетише алышты.

Мындан тышкары Кыргызстандын жарандары түрк визасын алууларынын шартын жеңилдетүү үчүн Бишкекте Виза борборун ачуу боюнча да макулдаша алышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын жарандарынын Түркияда болуусунун жана Түркия жарандарынын Кыргызстанда болуусунун шарттарын жакшыртуу боюнча мындан ары да биргелешип иш алып баруу тууралуу келишимге эки тарап макул болушту.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<