Түркиядагы кыргыз элчилигинде бийлик өкүлдөрү менен диаспора өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду

Түркиядагы кыргыз элчилигинде бийлик өкүлдөрү менен диаспора өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду

22-апрелде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинде кыргызстандык диаспора өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолугушууга КР Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси К. Өмүралиев, КР ТИМинин консулдук кызмат департаментинин директору А. Имангазиев, КР Өкмөтүнө караштуу миграция боюнча Мамлекеттик кызматынын төрагасынын орунбасары С. Токтоболотов, Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин кызматкерлери катышты.

Кыргызстандыктардын Түркияда иштөөсү, алардын укуктары, кызыкчылыктарынын корголушу, кыргызстандык мигранттардын эмгектенүүсүнө тиешелүү маселелер кенен талкууланды. Диаспора өкүлдөрү учурдагы көйгөйлөр, бир катар маселелерди Кыргызстан менен Түркия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын аракети аркасында кандайча чечсе боло тургандагы боюнча ой-пикирлерин айтып беришти.

Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин өкүлдөрү өлкөнүн мыйзам базаларына кандай өзгөрүү, толуктоолорду киргизүүгө пландалып жаткандыгы, бөтөнчө башка өлкөдө жүрүү боюнча жасалып жана жасала турган иштер тууралуу катышкандарды кабардар кылышты.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<