Санкт-Петербургда экскаватор алдында калган кыргыз жаранынын денеси бир күндөн кийин чыгарылды

Санкт-Петербургда экскаватор алдында калган кыргыз жаранынын денеси бир күндөн кийин чыгарылды

Санкт-Петербургда экскаватор алдында калган Кыргыз жаранынын денеси бир күндөн кийин чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Кырсык 25-апрелде мейманкананын имаратын бузуу учурунда болгон. Экскаватор оодарылып, каптал жагында турган адамды басып калган.

Каза болгон жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1982-жылы 9-апрелде туулган Н.О. экендиги такталган. Анын сөөгү урандынын алдынан 26-апрелде алынып чыгарылган.”Азыркы учурда каза болгондун туугандарына керектүү жардамдар көргөзүлүп жатат”, – деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Булак Super kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<