Санкт-Петербургда кыргыз жаштары шаар тургундарын кыргыздын каада-салты менен тааныштырышты

Санкт-Петербургда кыргыз жаштары шаар тургундарын кыргыздын каада-салты менен тааныштырышты

28-апрелде Санкт-Петербург шаарынын Москва районунда кыргыз диаспорасынын жаштары, студенттер аталган райондун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуу “Тоолору асман тиреген Кыргызстан” тематикасы менен өтүп, шаар тургундары кыргыз элинин каада-салты, улуттук өзгөчөлүктөрү менен таанышып, алтургай, боз үйдү тигүү боюнча чеберчиликтерин да көрө алышты.

Бул маданий эс алуу иш-чарасына жаштардын лидерлери катышты. Эс алуу күнү өткөн мындай кабарды бизге Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз автономиясынын вице-президенти Сара Жапарова билдирди.

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<