28-апрелде Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына КР Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшат Асылбаева барды. Ал кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугуп, 15-май күнү ачыла турган Чыңгыз Айтматовдун музейи үчүн картина жана сүрөттөрдү белекке берди.
Гүлшат Асылбаева эртең, 30-апрелде боло турган Казакстандын элдеринин Ассамблеясынын XXVII сессиясынын ишине катышмакчы. Ага чейин Казакстан элдеринин Ассамблеясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, эки өлкөнүн элдеринин ассамблеяларынын кызматташуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Бул тууралуу бизге Нур-Султан шаарындагы “Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмесинин жетекчиси Шавкат Исмаилов кабарлады.