КР Россиядагы элчилигинде Москвадагы коомдук уюмдардын активисттери менен жолугушуу болду

КР Россиядагы элчилигинде Москвадагы коомдук уюмдардын активисттери менен жолугушуу болду

2019-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинде КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри У.Кочкоров Москва шаарында эмгектенип жатышкан мекендештер жана кыргыз диаспоралык коомдук уюмдарынын активисттери менен жолугушту. Жолугушууга КР РФдагы элчилигинин кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр чогулгандарга КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кыргызстандын калкын социалдык кепилдиктер менен камсыздоо, анын ичинде пенсия, ар кандай жөлөк пул төлөө, өлкөдө жакырчылыкты кыскартуу боюнча аракеттерди көрүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашырууга багытталган ишмердүүлүгү тууралуу кеңири айтып берди.

Өз кезегинде жолугушуунун катышуучулары Россияда эмгектенип жатышкан КРнын жарандарына тиешелүу социалдык жана пенсиялык камсыздоо боюнча актуалдуу маселелерди көтөрүп, тийиштүү сунуштарды да айтышты.

Министр КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык кызыктыруучу суроолорго жооп берип, өлкөнүн калкынын бакубаттуулугун камсыздоодо тандалган курста иш уланарын ишендирип кетти.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<