Бишкекте таякеси унаа менен сүйрөткөн баланын учурдагы абалы айтылды

Бишкекте таякеси унаа менен сүйрөткөн баланын учурдагы абалы айтылды

Сабалган баланын Россияда иштеп жаткан апасы Бишкекке бүгүн кечинде келет.

 Бишкекте таякеси сабап, колунан байлап, унаасы менен сүйрөткөн 9 жаштагы баланын абалы менен Акыйкатчы институтунун кызматкерлери барып таанышып келди. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми баланын Россияда иштеп жаткан апасы жолго чыгып, учурда Бишкекке келе жатканы айтылды.

“Дарыгерлер менен сүйлөштүк, баланын абалы жакшы экенин айтышууда. Өмүрүнө коркунуч келе турган оор жаракат алган эмес. Апасы менен да байланыштык, ал бүгүн кечинде Бишкекке келип калат”, — деп билдирди акыйкатчы Токон Мамытов.

Белгилей кетсек, 27-апрелде эртең менен милицияга Алтын Казык жаңы конушунда “бала сабалууда” деген билдирүү түшкөн. Анда 32 жаштагы киши тестиерди BMW унаасына байлап, 20 метрге чейин сүйрөткөнү аныкталган. Шектүү катары таякеси кармалып, ал муну тарбия берүү ниетинде жасаганын айткан. Бирок Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алып койду. Баланын апасы Россияга иштегени кеткен, атасы жок.“Маалымат чыгары менен акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кат жолдоду. Баланы мыкаачылык менен сабап, кордук көрсөтүүгө айыпталган кишини сот үй камагына чыгарып койгондуктан акыйкатчы Токон Мамытов ишти өз көзөмөлүнө алды”, — деп айтылат маалыматта.

Акыйткатчы институтунун кызматкерлери бала жаткан №3 Шаардык балдар-клиникасынын нейрохирургия бөлүмүнө жана ал окуган мектепке барып кабар алган.

Булак Спутник

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<