Кыргыз жараны административдик гана мыйзам бузган

Кыргыз жараны административдик гана мыйзам бузган

Буга чейин бир топ интернет булактарга Россиянын Владивосток шаарынан  үч өзбекистандык жана бир кыргызстандык жаран терроризмге шектелип кармалгандыгы тууралуу кабар тараган.

Бирок тергөө учурунда 1996-жылы туулган Кыргызстандын жараны  Хикматилло Камилжанов административдик мыйзам гана бузгандыгы анык болгон.

Хикматилло Камилжанов үч жылдан бери Владивосток шаарында курулуш тармагында иштеп келген. 26-апрелде Приморск крайынын Уссурийск шаардык соту аны 15 күнгө чейин убактылуу жайга кармоо боюнча чечимин чыгарган.

Бул тууралуу бизге Приморск крайынын Уссурийск шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Садиров Бакыт кабарлады.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<